• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Каттоо кызматы жарым миллиондон ашык паспорт даярдаган

Коом 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Жыл башынан бери Мамлекеттик каттоо кызматы 520 миң 210 паспорт (e-ID карт, жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызмат паспорттору) даярдаган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кабарлады.

Анын айтымы боюнча, Каттоо кызматынын portal.srs.kg электрондук кызмат порталынын кызматтары менен 546 миң 532 жолу колдонушкан.

“Жол эрежесин бузуу боюнча айыппулдарды текшергендер көп болгон – 466 миң 461 жана унааны текшерүү – 26 миң 973. Ошондой эле транспорттордун каттоо тууралуу документтин аныктыгын текшергендер болгон – 635”, - деди ал.

Мамбетов кошумчалагандай, өлкө боюнча 7 калкты тейлөө борбору иштейт. Ошондой эле Бишкекте 4 кичи тейлөө борбору бар. Келечекте дагы 7 борбор ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий