• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Ош облусунда 425 жол кырсыгы катталып, андан 75 адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7 айында Ош облусунун аймагында 425 жол кырсыгы катталып, андан 75 адам каза болду. Ал эми 738 киши ар кандай жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Ош облустук милицисынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен Ош облусундагы жол тескөөчүлөр биргеликте узак жолго айдаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Ош-Бишкек, Ош-Исфана,Ош-Эркечтам унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жол кырсыгынын болуп жатканынын 4 себеби айтылды:

- айдоочу уктап, эс албай жолго чыкканы;

- ролду мас абалында башкаруу;

- катуу ылдамдыкта айдоо;

- карама-каршы тилкеге чыгып, жарышып айдоо.

"Соңку учурларда адам өмүрү кыйылган жол кырсыктарында негизинен айдоочулардын убагында эс албай, уктап кеткени себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий