• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сүлүктүдө дайынсыз жоголгон эки өспүрүм изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Сүлүктүдө дайынсыз жоголгон эки өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү ШИИБине аталган шаардын Жураева көчөсүнүн 50 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2007-жылы туулган Азимбаев Жоламан Курмамбаевич аттуу уулу үйүнөн 2022-жылдын 16-январь күнү саат 10.00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегендигин билдирген.

Белгилери: бою 160-165см, чачы узун, боз түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси жайында.

Кийген кийимдери: ак түстөгү жемпир, кара булгаары куртка, кара түстөгү шым, ак-кара түстөгү спорттук бут кийим.

Мындан тышкары, Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн 37 жаштагы тургуну 2022-жылдын 16-январь күнү эрте менен саат 8.30дарда өзү жашаган үйүнөн жумушка кетип жатып, уулун ойготуп коеюн деп киргенде, уулу 2007-жылы туулган Камалов Кылычбек Баатырбекович бөлмөсүндө жок экендигин билдирип, Сүлүктү ШИИБне арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси жайында.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, кара түстөгү куртка, кара түстөгү шым жана кара түстөгү спорттук бут кийим.

Жогорудагы 2 факты Сүлүктү ШИИБне катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

“Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү балдарды таанып, жүргөн жерин аныктап калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номерлер (03653) 5-06-51; 0220 79-35-03”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий