• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов Аравандагы пахта заводунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районуна иш сапары менен барды. Анын алкагында, “Ак ниет” пахтаны кайра иштетүүчү мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиргендей, “Ак ниет ” заводу пахта сырьесун кайра иштеп чыгарып, андан пахта буласы, чигит, линт жана улюк продукцияларын иштеп чыгарат. Ишкана жылына 10 миң тонна пахта сырьесун кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ.

Мындан сырткары, Зиядин Жамалдинов Араван районундагы социалдык көмүр базаларды текшерип, район тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий