• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 1 миң 260 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 260 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 121, Алматы шаарында – 146, Шымкент шаарында – 32, Акмоло облусунда – 98, Актөбе облусунда - 20, Алматы облусунда - 83, Атырау облусунда - 28, Чыгыш-Казакстан облусунда – 93, Жамбыл облусунда – 15, Батыш-Казакстан облусунда – 38, Караганда облусунда - 135, Костанай облусунда -116, Кызылорда облусунда – 24, Мангистау облусунда - 6, Павлодар облусунда - 129, Түндүк-Казакстан облусунда - 161, Түркстан облусунда – 15 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 954 миң 146 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий