• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Ош облусунда жол кырсыгынан 78 бала жабыркаган

Аймак 0

Ош, 27-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында 261 жол кырсыгы катталып, анын 447синде жарандар ар кандай жаракаттарды алган. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынын кызматкери Айбек Бечелов билдирди.

Анын билдиришинче, жашы жете электердин катышуусу менен катталган жол кырсыктарынын саны 65ге жетип, андан 78 бала ар кандай жаракаттарды алган.

Маселен, 20-июнда Кара-Суу районундагы Шарк айылында саат 17:00 чамасында “Камаздын” айдоочусу 2007-жылы туулган баланы коюп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1997-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалган.

2017-жылдын 5 айында айдоочулар сүзүп кеткен 217 учур катталган. Патрулдук милиция кызматкерлери өз кезегинде мындай кырсыктардын алдын алуу максатында жыл башынан бери рейддерге чыгып, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий