• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Ош драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 10.05.23./Кабар/. Быйыл Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын билдирет.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов театрдын учурдагы абалы менен таанышып чыккан.

"Мэр театрдын имаратын кыдырып, негизги көйгөйлүү маселелери менен таанышты. Бул жылы планга ылайык, оңдоп түзөө иштери башталат", – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий