• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл башынан бери Тажикстанда 2 млн тоннадан ашык көмүр казып алынган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Жыл башынан бери Тажикстанда 2 млн тоннадан ашык көмүр казып алынган. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин маалыматы боюнча быйыл өткөн жылга салыштырмалуу көмүр 134 миң тоннага көп алынган.

"Көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 134 миң тоннага көп. Казылып алынган көмүрдүн дээрлик 84%ы мамлекеттик ишканаларга туура келет", - деп билдирет Тажикстандын өнөр жай министрлиги.

Агенттик жазгандай, былтыр Тажикстанда 1,9 млн тонна көмүр казып алынган.

Тажикстанда көмүр жылдан жылга көп казып алынууда. Маселен, 2014-жылы 870 миң тоннадан ашык, 2015-жылы 1 млн тоннадан ашык, 2016-жылы 1,4 млн тонна, 2017-жылы 1,7 млн тоннадан ашык көмүр казып алынган.

Пикир

Оставить комментарий