• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин үч саатка созулган жыйыны аяктады – урунттуу учурлар тууралуу

Президент 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков салтка айланып калган жыл жыйынтыктаган маалымат жыйын өткөрдү. Үч саатка созулган журналисттер менен болгон баарлашууда мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Президенттин дарегине ар кандай суроолор узатылды: коррупция менен болгон күрөш, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү тууралуу, шаардагы ыш, экономиканы өнүктүрүү, феминале, башка өлкөлөр менен болгон кызматташтык ж.б.

Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынындагы айрым учурларга токтолсок;

Райымбек Матраимов жана коррупция

Бүгүнкү күндө эң актуалдуу болгон маселе - бажыдагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылган акчалар тууралуу кеп болгон журналисттик иликтөө. Бул тема көптөн бери коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Ошондуктан да бул маселе боюнча суроо президентке берилери күтүлүп жаткан. Мамлекет башчысы өз кезегинде коррупцияны толук жоюп салбаса да, аны кыскартарын билдирди. Бажыны санариптештирүү да коррупциялык элементтерди жоюуга багытталган. Журналисттик иликтөө боюнча президент айтылган нерселер юридикалык жактан бекемделиши керектигин билдирди. Азыр Улуттук коопсуздук комитетинин алдында атайын тергөө тобу түзүлгөн.

Алмазбек Атамбаев тууралуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча да Сооронбай Жээнбековго суроо узатышты. Мамлекет башчысы Атамбаевдин айланасында болуп жаткан окуялар аны ойлондура тургандыгын билдирди. Бирок президенттин билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаевдин аракеттери мамлекетти туңгюкка кептеди.

Хабибулла Абдукадыр тууралуу

Кыргызстандын президени Хабибулла Абдукадыр менен кандайча тааныштыгы бар экендиги тууралуу журналисттерге айтып берди. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы буга чейин аталган маселе боюнча түшүндүрмө бергендигине карабастан, ал берилген суроого жооп кайтарды. Жээнбеков билдиргендей, Абдукадыр менен ал Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында уюштурулган Инвестициялык форумда таанышкан.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо

Президент парламенттик шайлоону мыйзамдын чегинде, калыс өткөргөнгө бардык аракетимди жумшайм, - деп билдирди. "Кийинки жыл абдан саясатташкан жыл болот. Бардык саясий күчтөр, саясатчылар, депутат болом дегендер аракет кыла баштайт. Элдин добушун алганга аракеттер болот. Азыр андай аракеттерди байкап жатам. Шайлоону мыйзамдын чегинде, калыс өткөргөнгө бардык аракетимди жумшайм. Мурункудай болбойт. Ага жол бербейм", - деди ал.

Жээнбеков Бабанов тууралуу

Президент Өмүрбек Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин таза үлгүсү экендигин билдирди. "Жакында эле командировкада жүргөндө, партиянын съезди өтүп, ал жетекчиликти Мирлан Жээнчороевге өткөрүп бериптир деп уктум", - деди ал.

Феминале көргөзмөсү боюнча

«Бул - аялзатын мазактоо», - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында Гапар Айтиев атындагы музейде өткөн көргөзмө тууралуу берилген суроого жооп берип жатып. Анын айтуусуна караганда, аталган маселе коомду экиге бөлүп, ар кандай талаш-тартышты жаратты. Президент биздин тарыхтагы сүрөттөрдү деле карасаңар, анда апа-эжелерибиз ак элечек кийип жүрүшкөн, деп билдирди.

Кыргызстан ЕАЭБде

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан ЕАЭБде өз ордун тапкандыгын билдирди. "Бизге көптөгөн жеңилдиктер берилди. Кыргызстандын келечеги - ЕАЭБ менен бирге", - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий