• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылдын мыкты мугалимдери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Мугалимдер арасында өткөрүлгөн “Мыкты мугалим – 2017” республикалык сынагын жыйынтыктоо иш-чарасына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев катышып, ардактуу кесип ээлерин кесиптикмайрамы менен куттуктап кайтты. Н.Ишекеев өз куттуктоосунда мындай деди: “Мугалимдер сиздер өлкөнүн иденттүүлүгүн айкындаган мамлекеттик тилдин, улуттук тарыхтын, өлкөнүн маданиятынын, анын аймактык, чөлкөмдүк, территориялык баалуулуктарынын, материалдык дөөлөттөрүнүн энциклопедиялык негиздеги булагысыздар.Сиздер өлкөнүн өткөнүн, бүгүнкү күнүн жана жаркын келечегинин пайдубалын түптөп, кышын кынаган улуу интеллектуалдуу баалуулуктардын ордосусуздар”. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгөжана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Мыкты мугалим – 2017” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарын толуктаган Бакай-Ата районунун Чалдовар мектеп-интернатынын кыргыз тили жана адабяты мугалими Рахматильдеев Мирбек жана Бишкек шаарынын № 6 мектеп-гимназиясынынкыргыз тили жана адабияты мугалими Турдубаева Бактыгүл Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасына” ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий