• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылытуу мезгилине даярдык, “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” акцияларын мамлекетке өткөрүү. Министрлер кабинетинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

КРнын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилди.

Ага ылайык, аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө окутуу аркылуу жаш муундун илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын, илим изилдөө институттарынын аспиранттарына стипендия белгиленип, окуунун экинчи жана үчүнчү жылдарында алардын стипендиясы 30 пайызга жогорулатылат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин чечими менен “Учкун” ачык акционердик коому мамлекеттик каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу болуп аныкталды.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өзгөчө жылытуу мезгилине даярдыктар азыртан башталышы керектигин жана өткөн жылдагы электр энергиядагы авариялык учурлар кайталанбашын белгиледи.

“Жыл сайын кыш айларында электр энергиясын керектөөнүн көзөмөлдөнбөгөн өсүшү байкалат. Ошол себептүү, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жана республиканын ички керектөөчүлөрүн электр энергиясынын жетиштүү саны менен камсыз кылууну азыртан даярдагыла. Майлы-Сууда, Орловкада эмне болгонун билесиздер. Анын жыйынтыгы менен даярдыкты баштагыла”, - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акцияларынын 100 пайызын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКы мурда Кумтөр долбоору боюнча башкаруучу компания болгон. Азыркы учурда бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда, алардын долбоордук компаниясы катары “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКты аныктоо болжолдонот, ушуга байланыштуу “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акцияларына тикелей мамлекеттик ээлик кылуу зарылдыгы келип чыкты. Ошентип, бул чечим менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын акционери болуп калат.

Отурумдун жүрүшүндө, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы боштуктарды жоюу максатында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошумча функцияларды берүү чечими кабыл алынды.

Атап айтканда кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана кызыктыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу, ошондой эле аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө акысыз берүү каралат.

Министрлер Кабинетинин жыйынында 11 маселе каралып, анын 10ну колдоо тапса, бири кийинки жыйынга калтырылды, мындан тышкары отурумдун күн тартибине кошумча маселелер дагы киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий