• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зыян 900 миң сомдон ашуун. Аламүдүндө тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын март айынын башында Аламүдүн РИИБине 1968-жылы туулган К.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал белгисиз бирөөлөр контейнеринин эшигин бузуп кирип, кийим тигүүчү машиналарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 900 миң сомдон ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү учурунда ал буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган. Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий