• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баласын тепкен адамга карата кылмыш иши козголду - ШИИБ

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.17 /Кабар/. Бишкек ШИИБи тура албай жаткан баласын тепкен адам тартылган видео боюнча шаардык милициянын кызматкерлери ыкчам-издөө чараларына киришкенин билдиришти.

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморовдун маалыматында, 2017-жылдын 2-декабрында Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан видеодогу адам аныкталып, башкармалыкка алынып келинген. Ал 1967-жылы туулган шаар тургуну А.Б. болуп чыкты.

"Бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБ териштирүүсү менен КР КК (Бейбаштык) 234-беренесине ылайык кылмыш иши козголду",-деп белгиледи А.Оморов.

Бир катар соттук экспертизалар дайындалды.

КР КЖК 94-беренесине ылайык, кармалган адам Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий