• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Афганистандын президенти кыргыз элин жана Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Афганистан Ислам Республикасынын атынан Сизди жана жалпы кыргыз элин кирип келген улуу Курман айт майрамы менен куттуктап жатканыма абдан кубанычтамын. Курман айт майрамы мусулмандардын улуу күндөрүнүн бири болуп саналат. Бул улуу күндө Жаратканды эстеп, ислам динибиз үйрөткөндөй курмандык чалып муктаждарга жардам көрсөтүшөт. Жараткан Алла Тааладан мусулмандардын кылган ибадаттары менен амалдарын кабыл кылуусун жана мусулмандардын биримдүүлүгүн, өнүгүүсүн, кыйынчылыктардан чыгаруусун суранам», — деп айтылат Афганистан Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Мохаммад Ашраф Гани Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ал эми кыргыз элине бакты-таалай жана өсүп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий