• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

АФК Кубогу: "Дордой" менен "Алтын Асыр" биринчи оюнда тең чыгышты

Спорт 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Бишкектин "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычынын биринчи оюнунда Туркменистандын " Алтын Асыр" командасы менен тең чыкты. Матч борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 1:1 эсеби менен аяктады.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу – Азиядагы даражасы боюнча экинчи орунда турган клубдук турнир.

"Дордой" биринчи таймды толугу менен көзөмөлгө алып, таймдын аягында Вахыт Оразсахедов эсепти ачты.

Экинчи таймда "Алтын Асыр" үстөмдүгүн күчөтүп, оюн бүтөргө аз калганда гол киргизип, эсепти теңеп кетишти.

Оюн 1:1 эсеби менен аяктап, эки команда тең бирден упайларга ээ болду.

Ал эми "D" группасындагы экинчи беттеште эки тажик клубу беттешип, "Истиклол" өз талаасында "Худжандды" 3:0 эсебинде жеңип алды.

Экинчи оюн 17-апрелде өтөт, анда "Худжанд" өз талаасында "Дордойду" кабыл алат.

Эске салсак, аталган мелдештин тайпалык баскычында "Дордой" клубуна "Алтын Асырдан" тышкары, эки тажикстандык клуб – "Истиклол" жана "Худжанд" атаандаштык кылат.

АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз "Дордой" клубу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий