• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын алыскы аймактарында жашоо кандай? - изилдөө

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын алыскы жана жакыр айылдарында аярлуу калк арасында изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча жарандык альянсынын төрагасы Гүлмира Кожобергенова кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, эки облустан алты аярлуу айыл тандалып алынган. Алар Нарын облусунун Жумгал жана Нарын райондорунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жүргүзүлгөн.

“Бул айылдарда бир нече көйгөйлөр аныкталган. Алардын бири таза суунун жоктугу. Ошондой эле жарандар сугат суусунун жоктугунан айыл чарба менен алектене албай, акча жоктугунан урук жана күйүүчү майларды ала албай келет. Бул айылдардын жашоочуларынын 70% жашоо минимумунан төмөн киреше алып жашап келет. Жашоочулар көбүнчө жөлөк пул жана пенсиянын эсебинен күн көрүшөт. Бирок биз баарыбыз жакшы билгендей, бул абдан аз каражат. Андан тышкары аялдардын жана балдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр аныкталган. Айылдарда ФАПтар бар, бирок ал жакта медкызматкерлердин жоктугунан элдер алыс жакка барууга мажбур”, - дейт Кожобергенова.

Анын айтуусу боюнча, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, балдардын 37%нын тамактануусунда ар кандай көйгөйлөр бар: дене салмагынын жетишсиздиги, жашына туура келбеген салмак төмөндүгү, боюнун өсүүсүнүн басаңдашы жана ошондой эле ашыкча салмактуулук.

“Социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдө туура тамактануу тууралуу түшүнүк жоктугу да баланын тамактануусуна таасирин тийгизет. Алардын рационунда көбүнчө камыр тамактар жана картошка көп кездешет. Экономикалык борбордон алыс жайгашкандыктан, инфраструктуралардын өнүкпөгөндүгү жана жол каттоонун чектелгендиги жергиликтүү дүкөндөрдө азыктардын баасы райондук борборлорго салыштырмалуу жогору болушуна алып келет”, - деп билдирди Кожобергенова.

Пикир

Оставить комментарий