• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ак-Жар конушунда жергиликтүүлөр уурулук кылган адамды электр мамыга байлап коюшкан – видео

Коом 0


Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда үй ээси уурулук кылган кылмышкерди кармады, деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Милициянын маалыматы боюнча, 6-мартта Ак-Жар жаңы конушунда үйдүн ээси үйүнө ууруга кирген кылмышкерди кармап, милиция кызматкерлери келгенче качып кетпесин деп электр мамыга байлап койгон.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурдоо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү 1990-жылы туулган, мурда соттолгон М.Э болуп чыкты жана анын башка ушул сыяктуу уурулук фактыларына да катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий