• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

АКШ компанияларынын Кыргызстанда транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусу артууда

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоого, жаңы альтернативдик каттамдарды курууга, мультимодалдык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, объективдүү шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берип жатканын билдирди.

Ошондой эле министр эки өлкөнүн транспорт тармагында кызматташуунун келечектүү багыты катары “Балыкчы – Кочкор – Каракол” темир жол линиясын куруу долбоорунда АКШ менен инвестициялык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Ал эми Лесли Вигери 2023-жылдан тартып Кыргызстанда транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга АКШ компанияларынын кызыгуу деңгээли өсүп жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, АКШ элчилиги АКШнын Экспорттук-импорттук банкы жана жеке менчик Citibank банкы менен «Балыкчы-Кочкор-Каракол» багыты боюнча темир жол линиясын куруу долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Элчи Лесли Вигери АКШ Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) эң ири инвестору экенин айтып, ЕРӨБ “Бишкек шаарынын түндүк айланма жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланып өтүүчү жолду реконструкциялоо” долбоорун каржылоо мүмкүнчүлүгүн карап жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий