• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Аксы районунун мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Аксы районунун мектептеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Аксы районунун аймагында айрым мектептерде окуу башталган. Буга байланыштуу милиция окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Аксы РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлеген аймактарында профилактикалык жумуштарды алып барып жатышат. Мектеп окуучуларына терс жолдорго баруудан алыс болуу керектиги эскертилүүдө. Милиция кызматкерлери жаштарды татыктуу билим жана тарбия алуу менен өлкөбүз үчүн пайдасы тийген инсан болууга чакырышууда. Аба-ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу жолдор тайгак болгон учурдарда акырын жана этияттык менен басууга, ар дайым жол эрежелерин сактоо керектиги айтылды.

Ошондой эле учурдагы абалга байланыштуу санитардык нормаларды так сактоо зарылдыгы жеткирилди. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жугуштуу илдеттен коргонууда кайдыгер карабоого чакырышып, медициналык каражаттарды жанына алып жүрүү учурдун талабы экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий