• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Апрелде бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2022-жылга карата пландары тууралуу маалымат сунушталды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бюджеттик, салыктык жана жалпысынан финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктайт.

«Биздин өлкө үчүн жаңы этап келе жатат, биз өзүбүзгө чоң милдеттерди алдык. Өткөн жылы көп иштер аткарылды. Аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөкпулдарды, айлык акыны жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга олуттуу каражаттар багытталды, бул каражаттардын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болушу керек. Өлкөбүздүн ар бир жараны бул өзгөрүүлөрдү сезиши керек. Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

«Биз өтө жооптуу мезгилде турабыз, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнөт. Биз буга даяр болушубуз керек», - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы жана Финансы министрлигинин кызматкерлерине тандалган финансылык стратегияны жана тактиканы ишке ашыруудагы кесипкөйлүгү, бекемдиги, жоопкерчилиги жана принципиалдуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий