• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Акылбек Жапаров Чүйдөгү уулуу калдыктар сакталган жайлардын жана карьерлердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустагы уулуу калдыктар сакталган бир катар жайлардын жана карьерлердин абалы менен таанышты.

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенине барды. Мында руданын кору 51,5 миң тонна, ошондой эле кошумча чалгындоо иштеринен кийин кошумча 75 миң тоннага чейин болоору айтылды. Эксперттердин белгилөөсүндө, мындагы рудада молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш жана башкалар бар.

Белгилей кетсек, буга чейин сейрек кездешүүчү жер концентраты “Кыргыз химия-металлургиялык заводу” (КХМЗ) ААКсында иштетилип келген. Акылбек Жапаров мына ошол заводдун абалы менен дагы таанышуу үчүн барды.

Комбинат убагында жылына 500 млн тонна продукцияны өндүрүүгө кубаттуулугу жеткен. Ишкана Куттуу-Сай 2 сейрек кездешүүчү жер элементтер кенинен комплекстүү кайра иштетүүнү ишке ашырып, Советтер Союзунун керектөөлөрүнүн 80% камсыз кылып келгени белгиленди.

Мына ошол КХМЗнын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Кемин районунда 5 калдык сактоочу жай түзүлгөн. Төрт калдык сактоочу жай Ак-Түз айылында болсо, калган бирөө Орловка айылында. Калдык сакталган жайларга дагы МинКаб Төрагасы барып, жайлардын абалы менен таанышты.

Акылбек Жапаров мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана эксперттер менен биргеликте объектерди жеринде көрүп чыккандан кийин бир катар тиешелүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы көзөмөлдө болоорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий