• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 13.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.

Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-18-сентябрда Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күчүн сынап, финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыккан. Ал атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти илип кеткен. Мындан улам Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.

Ошондой эле кыргыз балбаны 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Тарых жаратуучу” жана “Азиянын мыкты балбаны” деп табылган.

Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков сап башында турат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта 45 миң упай менен 1-орунга жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий