• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башчысы УКМКнын тергөө абагына камалды

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов камалды. Маалыматты "Кабар" агенттигине шаардын Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын 9-августуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.

Козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий