• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алмамбет Шыкмаматовго карата кылмыш иши токтотулду

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат өзү билдирди.

Анын айтымында, кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

“Мамлекетке зыян болбогонун жана баары мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн экспертиза көрсөттү”, - деди депутат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17-февралында Башкы прокуратура Эсеп палатасынын мурунку аудитору, Жогорку Кеңештин депутаты Шыкмаматовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий