• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Анжелика Кайратова: Президент ар бирибизди угуп, демилгелерди колдоого убада берди

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан активисттер жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн маанилүү маселелер, анын ичинде өлкөдөгү жаңы ооруканалардын курулушу, ошондой эле дарыгерлердин айлыгын жана кенемтелердин өз убагында төлөнүп берилиши талкууланды.

Эпидемиянын жайылып жаткан шартында активдүү ыктыярчылык ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан белгилүү ырчы Анжелика Кайратова жолугушуу учурунда айтылган маселелер туурасында кеп салды.

Кайратова ыктыярчылар менен мамлекет башчынын жолугушуусу жемиштүү өткөнүн белгиледи.

“Жолугушууда өлкөдөгү вируска каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сөз болду. Талкуу ачык өттү жана үч саатка созулду. Ыктыярчылар тарабынан сунуштар айтылып, саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер туурасында ачык-айкын пикирлер угулду”, - дейт ал.

Анын айтымында, президент жаңы универсалдуу оорукананы куруу демилгесин колдоду.

“Ыктыярчылар жаңы оорукананы ачууну сунуштап, тез арада анын курулуп башталышы керектигин билдиришти. Президент бул демилгени колдоп, тез арада чечим кабыл алынат деп убада кылды. Мындан тышкары, ооруканаларда орундуктардын жетишсиздигинен улам эски мейманканаларды медициналык мекеме катары колдонуу сунушу айтылды. Сооронбай Жээнбеков каржылык маселеси боюнча жардам берерин белгиледи”, - деди ырчы.

Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграмдагы видео билдирүүсүндө Кыргызстандын бардык аймактарында социалдык дарыканаларды ачуу демилгесин көтөрүп чыккандыгын билдирди.

“Жолугушууда өлкө боюнча социалдык дарыкана ачуу идеясын айттым. Бул дарыканаларда бааларды көзөмөлдөө керек жана эң негизгиси баалар жогору болбошу шарт. Ошол эле учурда, дарыканаларда дары-дармектердин бардык түрү болушу керек. Ошондой эле бийлик дарыгерлердин эмгек акысы жана аларды социалдык жактан колдоо, баардык коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу маселесин карап чыгууну сурандым”, - деди ал.

Кайратова сөзүнүн аягында президент бардык сунуштарды эске алып, ар бири боюнча тийиштүү иштерди жүргүзө тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий