• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-28-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий