Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, 2024-жылдын 12-мартында Улуттук банк «Айыл Банк» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө «Айыл Банк» тарабынан сунушталган Жаныбеков Аскарбек Сапарбековичтин талапкерлигин жактырган.
Эскерте кетсек, Жаныбеков 2023-жылдын декабрында айыл чарба министри кызматынан бошотулган.
Пикир
Оставить комментарий