• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ат-Башыда бала бакча жана таза суу системасын курууда мамлекетке 21,8 млн сом зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Ат-Башыда бала бакча жана таза суу системасын курууда мамлекетке 21,8 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Ат-Башы районунун Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү аныкталган.

Буга байланыштуу мамлекетке жалпысынан 21 млн 801 миң 901 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча облустук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин негизинде 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий