• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Талаада жамгырдын кесепетинен 18 турак үйдүн короосун суу каптады

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 10-июнда саат 20:00дөн тартып жаап жаткан жамгырдын кесепетинен Кадыраалы айылында жайгашкан 18 турак үйдүн короолорун суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн эки экскаватор, 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, арыктарды тазалоо иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий