• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Азарбеков: Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн делген Сыймык Өмүрбек уулу айып төлөп, Казакстандан чыгарылат

Коом 0


Бишкек, 14.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен биргеликте Казакстанга болгон сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөз кылды.

“Бизге эки жаран кайрылды. Алардын бири Сыймык Өмүрбек уулу, ал Түптөн Казакстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн, жанында куралы болгон деген айып менен кармалган. Тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү жүргүздүк. Жакын арада Сыймык Өмүрбек уулу айыппул төлөп, Казакстандан чыгарылат”, - дейт ал.

Азарбеков дагы бир Руслан аттуу жаран кайрылганын айтат.

“Руслан Казакстанда баңгизат боюнча кармалып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылыптыр. Өзүнүн айтымында, баңгизаты анын чөнтөгүнө атайылап салынган. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси менен туугандары кайрылды. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен биргеликте тиешелүү кат жиберебиз”, - деди Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий