• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Азыр коомдук пикирге манипуляция жасоо жүрүүдө – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. “Мен президенттин айканы менен толук макулмун, калк тигил же бул талапкерди колдоп жатат деп эч кандай тастыктоосу жок эле билдирүүлөр жасалып, коомдук пикирге манипуляция жасалууда”,-деди саясат таануучу Чынара Эсенгул талапкер Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатып.

“Менин оюмча ашыкча ушак-кептерди болтурбоо үчүн тез арада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн булагын жарыялап, ага түшүндүрмө берүү керек”,-деди саясат таануучу.

Анын айтымына караганда, акыркы учурда эч кандай расмий булактарга таянбай туруп эле көптөгөн ушак сөздөр тарап кетти.

“Бабанов мүмкүн болсо изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жана бул сандарды чыгарган булакты жарыялашы керек. Эмненин негизинде сурамжылоо жүргүзүлгөн жана бул санды алар кайсыл жактан алышты, эл изилдөөлөр кандай жүргүзүлгөндүгүн билип, эки жыйынтыкты салыштырышы керек. Болбосо бул жөн гана популисттик чакырык болуп калат”,-деди Эсенгул.

Анын айтымы боюнча, үгүт иштеринин жүрүшүндө шайлоочулар менен коомчулуктун пикири тез өзгөрөт. Мындай учурда тигил же бул талапкердин алдыда келе жаткандыгын боломолдоо кыйын болот.

“Азыр коомдук пикирге манипуляция жасоо жүрүп жатат. Ошондуктан элдер тигил же бул талапкерди колдоп жатат деп айтуу кыйын. Тилекке каршы бизде оппозициянын оюу күн сайын өзгөрүп турат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий