• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бакашова: Туристтик сезон башталды, санитардык нормаларды тыкыр көзөмөлдөө керек

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, COVID-19дун жүрөк-кан тамыр ооруларга жана андан каза болуу көрсөткүчүнө тийгизип жаткан таасири, чет өлкөлөрдө жашаган жана иштеген кыргызстандыктарды вакцинациялоонун жүрүшү боюнча маселелер каралды.

«Тармактык органдар тез арада республикага коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү маселесин иштеп чыгуусу зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өзгөчө көңүлдү жүрөк-кан тамыр ооруларынан, кант диабети жана онкологиялык оорулардан жабыркаган бейтаптарга бурушу кажет. Мындан тышкары, жайкы туристтик сезондун башталышын эске алуу менен туристтик эс алуу жайларында санитардык ченемдердин тыкыр сакталышын камсыздоо зарыл», - деди Жылдыз Бакашова.

Ыкчам штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Атап айтканда, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жана пневмонияны диагностикалоо жана дарылоо окутуу тутумун үзгүлтүксүз негизде өркүндөтүүсү, ошондой эле COVID-19 жана пневмония менен ооруган жарандарды клиникалык протоколдун 5-версиясына ылайык реабилитациялоо жүргүзүүсү тапшырылды.

Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө «кызыл зонада» иштеген медициналык кызматкерлерге бир жолку материалдык компенсацияларды төлөө маселесин чечүүсү тапшырылды.

Ошондой эле ведомствого коронавирус инфекциясын жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационарларда «кызыл зоналарды» түзүү менен катар саламаттык сактоо уюмдарында жугуштуу эмес ооруларга – жүрөк-кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт респиратордук ооруларга, психикалык ооруларга чалдыккан бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү үчүн койко-орундардын жетиштүү санын камсыздоо тапшырылды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүрөк-кан тамыр оорулары жана андан каза болуу көрсөткүчтөрү көп катталган аймактарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын биринчи жана экинчи профилактикасын киргизүү боюнча чараларды күчтөндүрүүүсү тапшырылды.

Министрликке Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте Калкты тейлөө борборлорунда беткап режиминин, аралыктын, имараттарды тез-тезден желдетип туруунун сакталышын камсыздоосу жана элдердин массалык түрдө чогулушуна жол бербөөсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эпидемиологиялык кырдаал боюнча өз учурунда жооп кайтарып, чечим кабыл алуусу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен чет мамлекеттерде жашап жана иштеп жаткан биздин жарандардын жана мигранттардын коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча ишти улантуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий