• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Башаламан таштанды ыргыткан калаа тургундарына 333 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы белгиленбеген жерге таштанды ыргыткандыгы үчүн шаар тургундарына 333 миң 800 сом айып салды.

2018-жылы санитардык инспекция административдик комиссиянын кароосуна 488-берене (Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу) жана 489-беренелерин бузуу боюнча (Белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу, аны өрттөө) 356 протокол жөнөткөн.

Комиссия тарабынан 321 миң 500 сомдук айып пул төлөтүү каралып, административдик тартип бузуулар аныкталбагандыктан 5 протокол боюнча иш токтотулган.

Бүгүнкү күнү администртативдик тартип бузуулар боюнча 167 протокол каралууда.

Ошондой эле комиссиянын отурумунда 7 протокол каралган. Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы жана таштандыны ыргыткандыгы үчүн жеке бала бакчанын директору Ж. А.К. аттуу жаранга жана ичүүчү суу менен бакчасын суугаргандыгы үчүн Н. Г. аттуу жаранга айып салынган. Свердлов району боюнча жалпы 12 300 сомго айып жазылган.

Пикир

Оставить комментарий