• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынан 50 аял Ысык-Көлдө эс алышты

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. “Үмүт булагы” коомдук фонду Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун чек арадагы айылдарынан жалгыз бой, көп балалуу, турмуш шарты оор аялдарга колдоо көрсөтүү максатында 50 аялды Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Голубой Иссык-Куль” пансионатында 2021-жылдын 11-августунан 18-августуна чейин эс алдырды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Эс алуу менен катар аларга психологиялык жардамдар көрсөтүлүп, Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна, Григорьевка капчыгайына, ысык булактарга жана башка кооз жерлерге барышты.

Мындан сырткары, аталган коомдук фонд Баткен шаарында Баткен, Лейлек райондорунун социалдык адистерине, педагогдоруна, жергиликтүү депутаттарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча 3 күндүк тренинг өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий