• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткичти ташып чыгуу аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткичти ташып чыгуу аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан 28 жаштагы К.М.Э. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий