• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош жолу ачык – Жалал-Абад облустук ИИБ

Аймак 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы Базар-Коргон районунда митингчилер Бишкек-Ош жолун тосушкандыгы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. “Кабар” агенттигине билдиргендей, бүгүн чындыгында эле митингчилер тарабынан жол тосуу аракети болгон.

“Бирок, азыркы учурда Бишкек-Ош жолу ачык. Ал жакта азыр милиция кызматкерлери турушат”,-деди облустук ИИБден.

Эскерте кетсек, бүгүн митингге “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чыккан. Башкы прокуратура саясатчыга карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелеринде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгогон. 26-февралда ал “Манас” аэропортунан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий