• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон жаран жети айдан кийин Таластан табылды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 2022-жылдын 26-июль күнүндө дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Батирбек Жураев 2023-жылдын 8-февралында Талас облусунан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Батирбек Жураев тууралуу маалымат ЖМКга жарыяланган кийин жарандар тарабынан маалыматтар милицияга келип түшкөн. Жураев 2022-жылдын июль айынын аягында Талас облусуна барып, Кара-Буура районунун Аманбаев айылында бирөөнүн койлорун багып жүргөндүгү белгилүү болду.

Бүгүн, 10-февралда Базар-Коргон райондук милициясынын кызматкерлери Жураевди Таластан алып келишип, туугандарына өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, Батирбек Жураев психикалык жактан жабыркап, эс тутуму начар болгон.

Пикир

Оставить комментарий