• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бишкекте КР эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 2023-жылдын 13-февралында саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде өтмөкчү.

Иш-чарада акындын калеминен жаралган ырлар көркөм окулуп, белгилүү аткаручулар мекенчилдик, турмуш жана ашыктык ырлары ырдалып, китеп көргөзмө менен коштолот.

Тазагүл Закирова 1948-жылы 20-июнда Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад облусу), Сузак районунун Кызыл-Суу айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган, жогорку билимдүү, 20 жыл КПССтин мүчөсү (СССР жоюлганга чейин) болгон, Сузак райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, радиодо редактор, Ош облустук маданият башкармасында кадрлар боюнча улуу инспектор жана бириккен партиялык уюмдун катчысы кызматында, Ош облустук жазуучулар союзунда жооптуу катчы, төрайымы ж.б. кызматтарда иштеген.

Пикир

Оставить комментарий