• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Базар-Коргондо үй толугу менен күйгөн. Бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Аламүдүн районунда Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде 280 литр күйүүчү май жана аянты 80 чарчы метр кампа толугу менен күйүп кеткен.

Базар-Коргон шаарында жалпы аянты 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Араван районундагы Юсупов айыл аймагында эки кабаттуу турак үйдүн 40 чарчы метр аянты күйгөн.

ӨКМден белгилешкендей, өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий