• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Биринчи вице-премьер Боронов жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурады

COVID - 19 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурады.

Анын айтуусуна караганда, мындан мурда өткөн брифингде медиктердин оорусу боюнча айтылган маалыматты айрым медицина кызматкерлери өз дарегине кабыл алып алган.

"Мурда брифингде медицина кызматкерлери боюнча маалымат айтылган. Анда бирөөнүн аты-жөнүн атап, же купуя сырын ачып, кимге тиешелүү экендигин атоо боюнча маселе турган эмес. Штабдын, мамлекеттик жетекчинин, премьер-министрдин да башкы максаты - коронавируска каршы күрөшүп жаткан бардык эле кызматкерлерди вируска кабылуусунун алдын алуу, же болбосо андай маселе пайда болсо, анын алдын алуу деген тилек менен гана айтылган болчу. Ал эми жалпы медициналык кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сураганга даярмын", - деп билдирди ал.

Боронов медицина кызматкерлерине кайрылып, эгерде кандайдыр бир маалымат аброюңуздарга шек келтирсе, анда туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган маселе эмес деди.

"Медицина кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштеп, алардын канчалык деңгээлде эрдик менен иштеп жатканын мен өз көзүм менен көрүп жатам. Дагы бир ирет кечирим сурайм", - деп баса белгиледи ал.

Андан тышкары, Боронов учурда медицина кызматкерлеринин коронавирустук инфекцияны жуктуруп алууларынын себебин атайын комиссия иликтеп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий