Бишкекте бейбаштыкка шектелип чет элдик 3 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бишкекте бейбаштыкка шектелип чет элдик 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин райондук Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган чет элдик жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына камалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти бузгандар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий