• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте дарыгерлер бир кишинин жулунуп кеткен колун кайра тигип беришти (эскертүү, сүрөтү бар!)

Ден соолук 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Бишкете дарыгерлер колу жулунуп кеткен кишиге колун кайра тигип беришти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук госпиталдын пластикалык микрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Акбар Жороев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, 3-июнь күнү Улуттук госпиталга 32 жаштагы эркек киши келип түшкөн. Белгилүү болгондой, терезе кулап анын колу жулунуп кеткен.

Дарыгер билдиргендей, микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери ага операция жасап, анын колун кайра тигип беришкен. Баардык анатомиялык структуралары калыбына келтирилген. Бүгүнкү күнү бейтап колун сезип, колу кыймылдай баштаган.

Акбар Жороев кесиптештери менен жасаган операция 7 саатка созулган.

Пикир

Оставить комментарий