• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгында 2021-2026-жылдарга инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө коомго жаңы кирип жаткан түшүнүк-туюмдар, аларга негизделген айрым бир көрүнүштөр өзүнүн оң жактары менен бирге эле терс жактарын дагы көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ал таалим-тарбияны жаштарга гана берүүгө аракет кылып, ал эми орто муун, улуу муунду ара жолдо калып калганын кошумчалады.

“Ушул максатта негизги күч баардык муундун өкүлдөрүнө, улуу-кичүүнүн баарына багытталышы керек. Өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошушу үчүн руханий жактан тапталган, дени сак, билим деңгээли өскөн, ата-бабаларыбыздын тарыхын мыкты билген, каада-салтты урматтаган, башка элдердин ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, көп тилди өздөштүргөн, сырткы жана ички бузуулардан коргогон Кыргыз жаранын калыптандырууга милдеттүүбүз”, - деп белгиледи мамлекетти катчы.

Ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, элдердин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына кол койгон.

2021-жылдын июлунда Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция бекитилген.

“Ошондуктан азыркы абалды, коомдогу руханий жакырлануу, саламаттык көйгөйлөрүн чечүү үчүн билим берүү, илим изилдөө институттары, маданий иштерди уюштуруу мекемелери жалпыга маалымдоо каражаттары жана башкалар аркылуу түшүндүрүү, тарбиялоо иштери системалуу жүргүзүлүшү зарыл болуп турат”,- деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Андан соң, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, алдыдагы төрт жылга эсептелген бул план негизги 4 милдет жана 11 бөлүктөн турат. Алардын ар бири тийиштүү багыттар боюнча конкреттүү иш-чараларды камтыйт. Концепцияны ишке ашыруунун каржылык чыгамдары эсептелген.

Жыйындын катышуучуларынын пикиринде, мамлекет жарандардын саламаттыгына, дене тарбиясы менен бирге руханий азыктануусуна, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө да өзгөчө көңүл бөлүүсү зарыл.

Азамат Жаманкуловдун айтымында, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын” ишке ашырылуусу боюнча маалыматтар атайын порталда жеткиликтүү болот.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, коомдук жана маданий ишмерлер катышышты.

Пикир

Оставить комментарий