• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттеринин расмий жолугушуу аземи өттү

Саясат 0


Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

"Ала-Арча" Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери кеңейтилген форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий