• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Кытайдын белгилүү профессорлору жатын моюнчасынын рагына акысыз скрининг жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Бишкекте 3нөн 15-июлга чейинки аралыкта Кытайдан келген белгилүү профессорлор жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо боюнча бекер скринингден өткөрүшөт. Кайрымдуулук долбоору тууралуу Сагынбаева көп тармактуу клиникасынын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында айтып берди.

Анын айтымына караганда, дүйнөлүк статистикада жатын моюнчасынын рагы бардык онкологиялык оорулардын таралышы боюнча төртүнчү орунда турат.

"Бул чоң сандар. Катталган учурлардын 90 пайыздан ашыгы орто же төмөн кирешелүү өлкөлөргө туура келет. Бул статистика Кыргызстанга да тиешелүү. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы аялдар арасындагы онкологиялык оорулардын ичинде 2-орунда турат. Өлүм дээрлик 50%ы түзөт. Жыл сайын Кыргызстанда 600дөн ашуун аял жатын моюнчасынын рагы менен ооруйт, анын ичинен 300дөй өлүм катталат. Өлүмдүн жогорку көрсөткүчү оору кеч аныкталып, дарыгерге кеч кайрылуу менен байланыштуу. Мунун баары калктын оору тууралуу маалыматты аздыгынан келип чыгууда", - деди Сагынбаева.

Анын менен катар ал баса белгилегендей, жатын моюнчасынын рагы симптомсуз болгон залалдуу шишик: оорунун алгачкы стадияларында эч кандай белгилери байкалбайт, өтүшүп кеткенден кийин гана билинет.

"Мындай учурда бейтапты куткарып калуу абдан оор. Ар бир төрөгөн жана төрөй эле аял ооруп калуу коркунучунда болот. Мен аял, эне, инфлюенсер жана медициналык бизнести түптөгөн адам катары калктын саламаттыгы үчүн тынчсызданам. Мен аялдар менен иштегендиктен, ар биринде эле сапаттуу медициналык тейлөөдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун жакшы билем. Ошондуктан, жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо боюнча бекер скринингдерди маданиятка киргизүү зарыл деп эсептеп, бул багытта биринчи кадамды жасоону чечтик", — деп түшүндүрдү Сагынбаева.

Акысыз текшерүүлөр Ахунбаева көчөсү, 127 - Сагынбаеванын клиникасында жүргүзүлөт. Келгендерди Кытайдын белгилүү профессорлор текшерүүдөн өткөрөт.

"Профессорлор ошондой эле Кыргызстанга улук онкологдор жана гинекологдор менен жатын моюнчасынын рагын аныктоо жана дарылоо боюнча тажрыйба алмашуу максатында келишти. Текшерүү бекер болот. Клиника бөлмөлөрдү жана медициналык персоналды камсыздап берет", - деди Сагынбаева клиникасынын башкы директору Таалай Буланбеков.

Скрининг 3нөн 15-июлга чейинки аралыкта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта жүргүзүлөт (түштөнүү 12:00дөн 14:00гө чейин).

Пикир

Оставить комментарий