• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Баткенде саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатка президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР ЖК депутаты Венера Раимпатчаева, Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор катышып, өмүр сакчыларын куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагына кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар кызматкерлерге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Жогорку Кеңештин төрагасынын, саламаттык сактоо министринин, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, жалпы 55 медицина кызматкерине "Саламаттык сактоонун мыктысы" төш белгиси тапшырылды.

Медицина кызматкерлеринин күнүнүн урматына жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий