• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте поезд 13 жашар өспүрүм кызды коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бишкекте поезд 13 жашар өспүрүм кызды коюп кетти. Ал кулагына кулакчын (наушник) тагып бараткан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 11-февралда болжол менен саат 14:15тер чамасында Лев Толстой/7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Жүк ташуучу поезд Бишкек-Токмок трассасында бара жаткан. 31-84-кесиминде рельс аркылуу кулакчын тагынган 13 жашар кыз өтүп бара жаткан. Сигналга эч кандай реакция кылган эмес. Машинист поездди токтотууга аракет кылган, кыз ошол кезде секирген, бирок тилекке каршы бир аз коюп кеткен. Өспүрүм кыз кулап, башынан бир аз жаракат алган. Учурда ал 3-балдар ооруканасында", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий