• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектеги №98 мектептин жанында жаңы жол пайда болот

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бишкектин Алтын-Ордо көчөсү 14 дарегинде жайгашкан №98 орто мектептин жанында жаңы жол пайда болот.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, топуракты иштетүү, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Тактап айтканда, капиталдык оңдоо иштери Алтын-Ордо 9 көчөсүнөн Алтын-ордо 1 көчөсүнө чейин жүргүзүлүп, узундугу 700 погон метрди түзөт.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы топурак иштетүү иштерин аяктап, учурда бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий