• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

12 талапкер адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн сынактан өттү

Коом 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-апрелинде Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 28 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 12 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

1. Аалиев Чынарбек Турдубаевич

2. Абдуллаев Равшанбек Мамасалиевич

3. Абдурахманов Автандил Орозмаматович

4. Абитов Абдулла Абдыжалилович

5. Алымкулов Аскар Арсланбекович

6. Батырканов Билалы Муратбекович

7. Дарманкулова Гулнур Машариповна

8. Исаев Эрнст

9. Ихтияров Нурсейт Ихтиярович

10. Кожокматов Нурлан Бектурович

11. Мажитов Курбанбек Сапарбаевич

12. Маматкеримов Азатбек Талантбекович

Пикир

Оставить комментарий