• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин 9-кичирайонунда жаңы сейил багы пайда болот

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын 9-кичирайонунда жаңы сейил багы пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев 9-кичи райондун көчөлөрүн жөө кыдырып текшерди.
Текшерүү турак жай-коммуналдык чарбанын жана №8 МАБтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасына ылайык, 9-кичирайондун тургундары үчүн сейил бак уюштуруу пландалууда.

Арпачиев "Бишкекжашылчарба", "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканаларына биргеликте жаңы сейил бактын эскиздик долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле район башчысы “Ынтымак-2” паркынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан сугат тутуму орнотулууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга райондун аймагын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Бул багытта текшерүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий